Радио Алмаз

Биз биргебиз!

Радио Алмаз

Кыргызстанда A/H1N1 менен ооругандар 61 болду

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтымында, A/H1N1 тумоосуна чалдыккан 25 адам сырттан келишсе, жергиликтүү тургундардан 35 адам катталган. “Бишкекте чочко тумоосунун вирустарын аныктоочу жаңы үлгүдөгү лаборатория бар. Учурда 950 миң медициналык маска алынып келинди.

Алайда кытайларды тоногон деп шектелгендер кармалды

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, 16-ноябрда Алай жана Өзгөн районунун алты тургуну кармалды. Алар 11-ноябрда Ош-Эркечтам жолундагы Чыйырчык ашуусунда автобусту токтотуп, андагы кытай жарандарын тоногон деп шектелүүдө. Кармалгандардан далилдөөчү буюмдар алынып, тергөө иштери жүрүүдө.